Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 14:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргызстандын келечеги өз колубузда экенин аңдай билели

09.07.2020 14:35
1251
Кыргызстандын келечеги өз колубузда экенин аңдай билели


Ааламдын шаштысын алып жаткан коронавирус пандемиясы дүйнөнү өзгөрттү. Өзгөрткөндө дагы жеке адамдын күндөлүк көндүм турмушунан тартып, мамлекеттин өзүнүн жашап кетүү мүмкүнчүлүгүнө чейинки буга дейре калыптанган түшүнүктөрдүн, мамилелердин таш талканын чыгарып салды. Башканы айтып не кылабыз, Кыргызстанга келсек – пандемия мамлекеттик башкаруу институттарынын кыйын-кезең учурларда сааттай иштей албаган шалтуруктугун, анын себептери эмнеде экендигин көзгө сайгандай  көрсөттү.

 

Алаңдаган аткаруу, «жем» түшкөн жергиликтүү бийликтери


Баарыбыз билебиз пандемия жаңы башталып, шаштыбызды ала баштаганда карантинге кире качканбыз. Мындай аракетибиз ансыз да араң жан экономикабызга оор тийгенине карабастан, эки айга жуук коронавирустун капшабынан элибизди аздыр-көптүр алакчылап турганга жарады. Коронавирус дароо эле кирип келген жок. Ага чейин кылкылдаган Кытайды кыкынтып, азуусун айга жанган АКШны алкымдап, Ала-Тоо койнундагы Кыргызстанды да айланып өтпөсү белгилүү болуп калган. Бирок, кыймылдагысы келбеген кыргыз өкмөтү кыйратып камылга көргөнгө жарабады. Качан гана кара тумандай каптап киргенде кадимки эле бет кап менен жетиштүү камсыздай албай карайлап калбадыбы!


Ошол күндөрү карантиндин айынан күнүмдүк жашоо каражатынан айрылган көпчүлүк жарандарыбыз  азыркы 118 номеринен бетер Бишкек мэриясынын социалдык жардам көрсөтүү боюнча атайын номерине чалган менен ыкчам жардам алалбай жатканын социалдык тармактарга жазып чуулдашканы дагы эсибизде.


Ооба кийин өкмөткө чейинки денгээлде баланча миллион сомго социалдык жардамдар көрсөтүлдү деген отчеттор көп жазылып, көп айтылды. Бирок, канчалаган карыптар көлөкөдө калганы албетте эми айтылбайт. Ошону менен өкмөт, жергиликтүү өзү өзү башкаруу бийликтери калк башына күн түшсө катуу турганга чамасы чак экенин көрсөтүп койду.

 

«Сасык тумоосу» өтүшүп кеткен Саламаттык сактоо министрлиги

 

Карантинден кийин күчөп кеткен пандемия, айрыкча – Саламаттык сактоо министрлигинин элди дарыламак тургай өздөрү айыккыс “сасык тумоого” чалдыкканын айкындады. Башкача айталбайсын. Болбосо, дүйнөнү жакадан алып турган пандемиянын жаасы катуу экенин, ушул министрлик билиши керек болчу. Натыйжада, пандемия күч алганда ооруканаларда орун жоктугунан ушул XXI кылымда медициналык жардам алалбай көпчүлүк жарандарыбыз көз жумуп кете бербейт эле!


Бул жерде аталган министрлик кандайдыр бир шылтоону бетке кармаганга акысы да жок! Анткени,  Кыргызстан бул күндөрү сырттан жардамды (кредит, грант түрүндө) жакшы эле алды. Өкмөт деле каражат жагынан маселе жок деп жатты. Андай болсо Саламаттык сактоо министрлиги ИВЛ, кислородконденсатору ж.б. аба - суудай зарыл болгон медициналык жабдууларды жетиштүү санда камдап, көп орундуу обсервацияларды, стационардык ооруканаларды даярдап, аларды дарыгерлер менен толуктап койсо ким кой дептир?! Буга карантин мезгилинде убакыт да бар болчу. Эми минтип аргасыздан бул ишти өз колдоруна алып жаткан элдик демилгечилердин, карап турбай жардамга келген колунда бар жарандардын көзүн карап отурат.


Ал эми пандемияда дүйнөлүк медицина системасы кандай иштеди карап көрөлү. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун пикири боюнча пандемия учурунда Германиянын, Швециянын жана Кытайдын медициналык системасы өзгөчө көзгө көрүндү. “Бул өлкөлөрдө бардык тутумдар – оорукана, клиника, медициналык мекемелер, биримдикте бир кишидей иштеди” деп айтылат БДССУнун маалыматында.


Бул мисалды атайылап келтирдим. Биздин Саламаттык сактоо министрлигибиз жогоруда айтылгандай кыйын-кырдаалда системалуу,  бир-бирин толуктаган алгоритм менен иш алып баралбайт экен. Болбосо, жанагы медициналык жабдуулары кайда? Жаткыра турган жайлары кайда? Аяк-башы табылбай, баары аралашып калганы ушул себептен улам болду. Дарыканаларда керектүү дары-дармектин өсүп кетиши да ушундай чаржайыттыктын, бул системада белгилүү бир саясаттын жоктугунун кесепети болду.


Ошол эле учурда коронавирус менен кармашта өздөрү да оору жугузуп алган, атүгүл каза болгон болгон медиктерибизге башыбызды ийип, таазим кылабыз. Туура айтылып жаткандай бүгүнкү күндүн каармандары ушулар. Кыргызстандын медицина тармагын чачыратып жибербей кармап турган, ажалга арачы түшүп алышып жаткандар да ушулар экенин тана албайбыз.

 

Эл өз сөзүн айтпаса болбойт

 

Өкүнүчкө жараша өлкөбүздө өлөсөлүү иштеп жаткан бир гана медицина тармагы эмес. Мамлекеттик структуралардын кайсынысын алба, чеке жылытып иштеп жатканын көрө албайсын. Мунун тамыры теренде же болбосо мамлекеттик система бүтүндөй жаңыланууга  муктаж.


Мамлекеттик бийлик системасы өзүнөн өзү эле жаңылана койбойт. Алдыда парламентке шайлоо. Жогорку Кеңеш мамлекеттик бийликтин үч бутагынын бири. Баш мыйзамга ылайык өкмөттүн курамын Жогорку Кеңеш түзөт. Демек, мамлекеттик бийлик системасын калыптандырууда Жогорку Кеңештин орду өзгөчө.


Антели десек, жолуң болгур Жогорку Кеңештин деле жоругу жолдо калсын. Өзгөчө азыркы VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш айтылып жүргөндөй акылдуусунан акчалуусу, интеллектуалынан интриганы көп парламент катары тарыхта калды. Ушул парламент шайланып жатканда алдыңкы “алтын” орундар 500 миң доллардан 1 млн.го чейин жетти деп айтып жүрүштү. “Калк айтса калп айтпайт” жыйынтыгын көрдүк. Акыркысын эле алсак, пандемияга каршы күрөшүүдө Жогорку Кеңеш олуттуу сөзүн айткандан, чукул чара көргөндөн кечигип жатты же болбосо улам бири алмашкан Саламаттык сактоо министрлеринин сайраганын угуп тим болушту. Баарынан күйгүзгөнү ушул чакырылыштын депутаттары кала берсе конституциялык милдеттеринен качып, бир фракция үчүн бир депутат добуш берип жүрүп эле өтүп кетти окшойт. Эми ушул да жоопкерчиликпи? Же ушундай көрүнүш дагы уланганын каалайбызбы!?


Учурда каттоодон өткөн 259 саясий партиялар бар. Анын ичинен бүгүнкү күндөн БШКдан катталуудан өткөнү 44 партия. Бул сан дагы өсөт. Кептин баары ушул саясий партияларды камчылаган, артында турган баягы эле капчыгы калың же айтканга оозубуз көнгөн олигархтарда болуп жатат. Мындай алып караганда ЖКга өтүүгө шансы бар партиялардын катарын калыңдаткан да ушул капчыктуулар. Ошондо кандай болуп калат? Кыргыз эли VI чакырылыштагы “базаркомдордон” сабак алган жокпу? Алдыдагы парламент адаттагыдай эле ар кандай жолдор менен байып алган, анан  бийликке келип коррупциянын казанын кайнаткан олигархтардан куралып калабы? Минтип отурсак качан өнүгөбүз? Өлкөнү өргө сүрөй турган мамлекеттик система толук кандуу качан иштейт?


Айтылып жүргөндөй бийликтин ээси - эл. Андыктан Жогорку Кеңешке шайлоолордо кыргызстандыктар сайдын ташындай шагыраган партиялардын ичинен, партиялык тизмесинде улутка уук болчу, жаңыча ойлонгон, интеллектуал, өлкөнү өнүктүрүүнүн жолун көрө билген – башкысы  акчасына эмес акылына сыйынган талапкерлери арбын партияны тандап, ошол партияга добуш берүүлөрү керек. Антпесек, чекебизге каңк дей түшчү эски тырмоону кайра эле басып алсак, эл катары бизге убал деле жок.

 

 Канатбек Аскаров

      

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн