Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандын көмүскө экономикасы 40 млрд сомду түзөт, - Абылгазиев

13.05.2020 16:15
970
Кыргызстандын көмүскө экономикасы 40 млрд сомду түзөт, - Абылгазиев


Кыргызстанда көмүскө экономика 40 млрд сомду түзөт деп айтса болот. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.


Анын айтымында, алынып чыгып кеткен товарлардын айрым түрлөрүнө жараша аткезчилик жана контрафактык изилдөө иштеринин натыйжасы 50-70 пайызга чейинки көрсөткүчкө жетет.


Ички дүң продукциянын 30 пайызы десек, анда 180 млрд сом көмүскө болуп жатат. Бул каражаттан 20% салык ала турган болсок, 32 млрд сом бюджетке түшпөй жатат. Бул минималдык эсептөөлөр, биз өзүбүз 40 млрд сомдун тегерегинде деп эсептеп жүрөбүз. Электрондук система, санариптештирүү, маркировкалоо жолу менен бул көмүскө экономиканы ачыкка алып чыгып, социалдык жетишпестиктерге жумшайбыз деп ойлойм”, - деди ал.   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн