Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт, - бүгүнкү күнгө аба ырайы

24.06.2020 08:58
1150
Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт, - бүгүнкү күнгө аба ырайы


 

Бүгүн, 24-июнда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Жалал-Абад облусунун, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда күн ачык болот. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1520, күндүз 3234;

Талас облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 2833;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1621, күндүз 3035;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1015, күндүз 1924;

Нарын облусунда түнкүсүн 712, күндүз 1823;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3+2, күндүз 712 градус болот.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 1820, күндүз 3234 градус болот.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн