Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 19:54
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандын коргоо министри расмий иш сапары менен Азербайжанга барды

07.07.2023 11:04
327
Кыргызстандын коргоо министри расмий иш сапары менен Азербайжанга барды


Кечээ, 6-июлда Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Азербайжанга расмий иш сапары менен барды.

Министрликтен билдиришкендей, иш сапардын алкагында министр "Шэхид Аллеясында" гүл чамбар койду. Андан соң эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун башчыларынын расмий жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азербайжандын коргоо министри Закир Гасанов менен бетме-бет сүйлөшүү, ошондой эле делегациялардын кең форматта жолугушуусу болуп, келечектеги аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуунун өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында Азербайжандын премьер-министринин биринчи орун басары Ягуб Эюбов жана коргоо өндүрүшүнүн министри Мадат Гулиев менен жолугушуу пландаштырылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн