Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандын курорттук аймагында канча кычкылтек концентратору бар?

07.08.2020 11:50
1081
Кыргызстандын курорттук аймагында канча кычкылтек концентратору бар?


Ысык-Көл облусунда 1 миң 14 кычкылтек концентратору бар. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты. 


Маалыматка караганда,  Каракол шаарында 109 кычкылтек концентратор, Балыкчы шаарында 141 концентратор, Тоң районунда 140 концентратор, Түп районунда 112 концентратор бар. 


Ал эми Жети-Өгүз районундагы ооруканаларда 262 кычкылтек концентратор, Ысык-Көл районунда 127 концентратор жана Ак-Суу районунда 123 концентратор бар.  


Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 503 адамдан аныкталды. Анын ичинен Ысык-Көл облусунда  81 адам коронавирус инфекциясына кабылган. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн