Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандын лыжа базасы эң популярдуу курорттордун катарына кирди

20.01.2020 16:43
735
Кыргызстандын лыжа базасы эң популярдуу курорттордун катарына кирди

ТурСтат аналитикалык агенттигинин рейтинги боюнча Кыргызстандагы Каракол лыжа базасы КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу курорттордун катарына кирди.

Аталган агенттик россиялык туристтердин эс алуусу үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү эң популярдуу курорттордун рейтингин түзгөн. Ага Казакстан, Беларусь, Азербайжан, Армения жана Кыргызстанда жайгашкан лыжа базалар кирген.

ТурСтаттын рейтингинин алгачкы ондугуна Кыргызстандагы Каракол, Казакстандагы Чымбулак, Алтай альптары жана Нуртау лыжа базалары, Беларустагы Логойск жана Силичи, Азербайжандагы Шахдаг жана Туфандаг, Армениядагы Цахкадзор, Өзбекстандагы Чимен жана Армениядагы Цахкадзор лыжа базалары кирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн