Бугу 13, 2024
Убакыт: 16:32
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргызстандын маданий мекемелеринде фонограмма менен концерт өткөрүүгө тыюу салынат

30.12.2020 11:56
536
Кыргызстандын маданий мекемелеринде фонограмма менен концерт өткөрүүгө  тыюу салынат


Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде Кыргыз Республикасынын "Фонограмма жөнүндөгү" мыйзамы талкууланды. Ага министр Нуржигит Кадырбеков, Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев, музыка чөйрөсүнүн жоон тобу катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык, талкуу учурунда колдонуудагы мыйзамдын ченемдери так аткарылбай жатышы жана бүгүнкү күндөгү маданий иш- чараларда ыгы жок колдонулуп жаткан фонограммалар тууралуу маселелер каралды.

"Учурда кыргыз маданиятынын өкүлдөрү арасында жандуу үн менен жогорку деңгээлде ырчылык өнөрдү аркалап жаткан ырчылар жок эмес. Бирок ошол эле мезгилде алдын ала жаздырылып, шөкөттөлгөн ырлар басымдуу болуп жаткандыгы белгиленди. Мунун алдын алууда, ага каршы туруп, жандуу үн менен концерт берүү багытына басым жасап, элди алдоодон алыс болушу керек деген пикирлер айтылды", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кесипкөй үн режиссер жокко эсе. Талкуу учурунда эстрада багыты боюнча чет элдин тажрыйбаларын колдонуу, жаш өсүп келе жаткан кардарларды окутуу, эстрадалык оркестрларды көбөйтүү, чыгармачылык деңгээлди көтөрүү жана оранжировка багытыттары талкууланды.

Жыйынтыгында, колдонуудагы Кыргыз Республикасынын “Фонограмма жөнүндөгү” мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен, ырчылыктын профессионалдык деңгээлин көтөрүү демилгеси айтылды.

Ошону менен катар, аталган мыйзамдын негизинде жакынкы аралыкта Маданият министрлиги тарабынан мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма менен концерт берүүгө тыюу салган буйрук чыгары айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн