Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 03:25
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси жарым жылда 4,2% өстү, - ЕӨБ

21.08.2023 11:37
736
Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси жарым жылда 4,2% өстү, - ЕӨБ


Биринчи жарым жылдыкта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кирешеси өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын макроэкономикалык баяндамасында айтылат.


Январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджет ИДПга карата 1,9% профицит менен аткарылды. Мамлекеттик бюджеттин кирешелери январь-июнь айларында ИДПга карата 4,2%га өстү.


Баяндамада белгиленгендей, негизинен Кытай менен тышкы сооданын активдешүүсүнүн эсебинен салыктык түшүүлөр ИДПга карата 1,9%га өскөн.


Бюджеттин чыгашалары, банктын маалыматы боюнча, ИДПга карата 4,5% өстү. Бюджеттик чыгашалардын эң көп өсүшү билим берүү секторунда (ИДПга карата+1,1%) жана социалдык коргоодо (ИДПга карата+1,2%) белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн