Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 5 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу ekonomist.kg Финансы министрлигинин маалыматына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Республиканын тышкы карызы жалпы карыздын 83 пайызын же 4 миллиард 294 миллион долларды түзөт. Ал эми ички карыз жалпы карыздын 17 пайызын же 852 миллион долларды түзөт.
Тышкы карызды төлөөнүн жогорку чеги 2024-жылдарга туш келерин буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн