Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 12:28
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир айда 164,55 млн долларга өстү

19.03.2024 13:28
699
Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир айда 164,55 млн долларга өстү


2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички) 6 миллиард 280,54 миллион долларды (559 миллиард 503,58 миллион сом) түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги билдирет.


Белгиленгендей, 4 миллиард 545,11 миллион доллар (404 миллиард 683,78 миллион сом) тышкы карыз, 1 миллиард 570,88 миллион доллар (139 миллиард 866,65 миллион сом) ички карыз.


Бир айда мамлекеттик карыз 164,55 миллион долларга өскөн. Тышкы 107,62 миллион долларга, ички 56,92 миллион долларга өскөн.


2023-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз такталган болжолдонгон ИДПнын 45,53 пайызын түздү.


Тышкы карыздын жарымынан көбүн (53,6 пайызын) Кыргыз Республикасынын көп тараптуу кредиттери түзөт – 2 миллиард 495,82 миллион доллар. Эки тараптуу жеңилдетилген насыялардын алкагында өлкөнүн дагы 2 миллиард 87,81 миллион доллар карызы бар (тышкы карыздын 44,9 пайызы). Алардын ичинен республиканын тышкы карызынын 36,7 пайызы Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет, ал 2023-жылдын аягында 1 миллиард 708,17 миллион долларды түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн