Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 06:21
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир айда 71 млн долларга өстү

22.08.2023 10:47
763
Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир айда 71 млн долларга өстү


Июнь айынын жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 738,6 миллион долларды же 500 миллиард 564,96 миллион сомду түздү. Бул маалыматтарды Финансы министрлиги билдирди.


Маалым болгондой, тышкы карыз 4 миллиард 493,36 миллион долларды (391 миллиард 940,96 миллион доллар), ал эми ички карыз 1 миллиард 245,31 миллион долларды (108 миллиард 624 миллион сом) түзөт.


Май айына салыштырмалуу (5 млрд 667,63 млн доллар) Кыргызстандын мамлекеттик карызы июнь айында 71,04 долларга өскөн. Мамлекеттик карыз ИДПнын 54% түздү.


Эске салсак, Кыргызстандын тышкы карызынын басымдуу бөлүгү алты гана кредиторго туура келет – булар Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Эл аралык валюта фонду, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги жана Ислам өнүктүрүү банкы. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн