Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында Афганистандын тоңдурулган активдерин кайтарууга чакырып, Афганистанды эл аралык изоляцияга алуу жана каржылык жардамсыз калтыруу туура эместигин белгиледи.
Президент геосаясий максаттарды көздөп, каржылык инструменттерди колдонуу гуманитардык кризисти курчутарын белгилеп өттү.
Ал Батыш өлкөлөрү тарабынан тоңдурулган 9 миллиард доллардан ашык акча каражаты афган элине кайтарылышы керек деп өзгөчө белгиледи.
Аталган каражаттар инфраструктураны калыбына келтирүүгө, жергиликтүү банк системасын колдоого, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана миллиондогон адамдарга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам бермек.
“Силер бул каражаттарды ушул тапта өзүңөр колдонуп, пайда көрүп жатасыңар”, - деп белгиледи ал.
Президент бүгүнкү күндө Афганистанда 15 миллион адам ачкачылыкка дуушар болсо, 24 миллион адам гуманитардык жардамга муктаж болуп турганын эске салды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн