Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:12
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Кыргызстандын регионалдык саясатынын келечеги талкууланды

28.04.2022 12:44
535
Кыргызстандын регионалдык саясатынын келечеги талкууланды

КР президентинин администрациясынын тапшырмасы боюнча КР Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан даярдалган «2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Регионалдык саясатынын Концепциясынын долбоорунун негизги максаттары жана милдеттери» темасындагы бет ачары өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


2023-2027-жылдарга Регионалдык саясат концепциясынын негизги максаты – республика аймактарынын шаарларында жана айыл аймактарында жашаган жарандардын жашоо сапатын жана бакубаттуулугун жогорулатуу. 2023-2027-жылдарга Регионалдык саясат концепциясынын артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат: - аймактарды пландаштыруунун жана өнүктүрүүнүн жаңы системасы; - региондордун экономикасы; - өнүгүүнүн таяныч пункттарын комплекстүү өнүктүрүү (урбанизация); - региондорду директивалык колдоо.


Бетачардын жыйынтыгы боюнча анын катышуучулары аймактарды өнүктүрүүнүн концептуалдык мазмунун жакшыртуу боюнча тийиштүү сунуштарды беришти.


Айтылган сунуштарды эске алуу менен КР Экономика жана соода министрлиги тарабынан КРнын Регионалдык саясатынын Концепциясын толуктап иштеп чыгуу боюнча иштер улантылат.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн