Учтун айы 08, 2025
Убакыт: 20:18
USD
86.85
87.35
EUR
89.70
90.70
RUB
0.750
0.870

Кыргызстандын сырттан көмүр сатып алуусу эки эсеге азайды

Кыргызстандын сырттан көмүр сатып алуусу эки эсеге азайды


Кыргызстан өткөн жылдын январь айынан октябрдын аягына чейин 463,3 миң тонна көмүр импорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.


Көмүр экспорттогон өлкөлөр:

Казакстан — 462 585 тонна;

Россия — 697,1 тонна;

Өзбекстан — 50 тонна.


Мындан тышкары, Кытай менен Түркиядан да аз көлөмдө көмүр ташылган.


Комитеттин маалыматы боюнча, аталган күйүүчү каражатты импорттоо эки эсеге азайган. 2023-жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында өлкөгө 944 миң тонна таш көмүр жана күрөң көмүр алып келинген. Күрөң көмүрдүн импорту 15 тоннага жеткен эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн