Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:21
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Кыргызстандын тагдырын аянтка чыккан 5 миң адам гана чечип калдыбы?

05.11.2020 10:56
1337
Кыргызстандын тагдырын аянтка чыккан 5 миң адам гана чечип калдыбы?


Мамлекеттик бийликти революция (күч колдонуу, митинг, ызы-чуу) аркылуу басып алууну адатка айлантуу Кыргызстан үчүн өтө кейиштүү жагдайды түзүп койду. Дүйнө коомчулугунун алдында мамлекеттүүлүгү али калыптана элек, алтургай улут катары да түптөлүп жетишпеген эл катары көрүндүк. Бийликтин митинг жана башаламандык жолу менен үчүнчү жолку алмашуусу мамлекетибизди жардын кырына алып келди. Эми аркага бир да кадам таштоого болбойт. Анда эле мамлекеттүүлүктү жоготтук деп эсептей берсек болот.


Мамлекеттүүлүк эмне үчүн коркунучта? Биринчи себеби, улам революция жасалган сайын өлкө экономикасы ондогон жылдарга аркага кетүүдө. Талкаланган, бүлүнгөн экономиканы кайра калыбына келтирүү үчүн кайра эле сырттан жардам күтүп, алтургай карыз алып калуудабыз. Бул жагдай биздин көз карандысыздыгыбызга, суверендүүлүгүбүзгө доо кетирүүдө.


Экинчиден, 5-октябрдагы төңкөрүштөн кийинки кадрдык жүрүштөргө анализ жасап көрүңүз. Амбициясы гана бар, тажрыйбасы да, билими да, маданияты да талапка жооп бербеген жаңы жүздөр пайда болду. Алардын колу менен мамлекеттин өнүгүшү өтө күмөн, тескерисинче талкалануу туңгуюгуна гана алып барат. Мунун өзү бизде 29 жылдан бери карай кадр даярдоодо чоң мүчүлүштүктөр кеткенин көрсөттү. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн албетте жаш жана жаңы жүздөр керек. Бирок, тажрыйбасы «нөл», билими жана маданияты төмөн жаш кадрлар менен кантип мамлекеттин кызыкчылыгы корголот? Эгер мамлекеттин туу башына таптакыр тажрыйбасыз жаңы жүз келип калса, ал мамлекетибиздин тышкы саясатын кантип жүргүзүшү мүмкүн? Кантип башка өлкөлөрдүн лидерлери менен теңата мамиле кура алат?


Дагы бир өтө терең маани бере турган жагдай бул – 5000-10000 адам топтоп Ала-Тоо аянтына алып чыга алган адам эле «Эл талап кылып жатат» деп ишенимдүү айта ала турган болду. Ал эми Кыргызстандын калкы 6 миллиондон ашуун экенин жалпыбыз билебиз. Анын жарымысынан көбү 18 жаштан өйдө курактагылар экенин эске алганда, 3 миллиондон ашуун шайлоочунун укугун 5000-10000 адам гана өздөрү каалагандай калчап коюп жатышпайбы. Эгерде биз бул ыкманы адатка айланта турган болсок, анда ар алты айда өлкөбүздө бийлик алмаштыра берсе болот. Анан анын натыйжасы Кыргызстандын бөлүнүп-жарылуусуна алып барат. 5000-10000 адам башына бирден хан шайлай баштайбыз. Ошондо бизде канча хан пайда болушу мүмкүн?


Ток этерин айтканда, мындай сунуш бар. Бийликти төңкөрүш жолу менен алуу мамлекет үчүн тыйынчалык да пайдасы жоктугуна толук көзүбүз жетти. Ал бир ууч гана топтун кызыкчылыгы үчүн, эртерээк байып алуусу үчүн шарт түзүп берет экен. Андан өлкө экономикасы жабыркап, мамлекет алсыздана турганын жон терибиз менен сездик. Эми биз баардык маселени шайлоо жолу менен гана ишке ашырууну колго алышыбыз керек. Добушубузду акчага саттыкпы, же жердешчиликке басым жасап добуш бердикпи, кандай жол менен добуш берген болсок дагы, ошол өз тандообузду мөөнөтүнүн аягына чейин сыйлоону үйрөнүшүбүз зарыл. Албетте, кемчиликтер кетип жатса айтып-деп туруш керек. Көзгө сая курч сындарды билдирүү зарыл. Бирок, эч качан арты башаламандык, бийликти күч менен басып алуу менен аяктоосу максат болбошу маанилүү. Эгер иштеп жаткан бийлик айтылган сындарга көңүл бурбаса, кемчиликтерин оңдобосо, анда кийинки шайлоодо анын өзүнө да, же мураскоруна добуш бербей коюу жетиштүү. Эгер бийликте турган кезинде мыйзамсыз иштерди жасаган болсо, анда мөөнөтү аяктагандан кийин жоопкерчиликке чакырууга болот.


Ошондо гана бизде мамлекеттик кызматтын күңгөй-тескейин билбегендердин бийликке умтулуусу, дароо эле министрлик же премьер-министрлик кызматты баса жыгылгысы келген өнөкөттөрү калат. Эл өз жашоосун, мамлекеттин тагдырын кимдин колуна тапшырса туура боло турганын шайлоодо добуш берүү аркылуу гана аныкташы керек. Ырас, дагы 2-3 жолу жаңылыштык менен добуш бергендер болот, айрымдары акчага сатылат, дагы деле жердешчиликке, тууганчылыкка басым жасашат. Бирок, акырындык менен анын баары элдин көзүнүн өзүнөн өзү ачылышына алып келет. Жердешиң болсо эле жашооң оңолуп кетпей турганын түшүнөсүң, же 2000 сом 5-6 жылга жетпей турганын аңдайсың. Ошентип улам кийинки шайлоодо бул көрүнүштөр жокко чыга баштайт. Мамлекеттүүлүктү мыйзамды так сактоо менен гана сактап кала алабыз.


Сагынбек Сатыкеев


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн