Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:36
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Кыргызстандын танкисттери Россияда өтө турган эл аралык мелдешке катышуу үчүн жөнөп кетти

01.08.2022 14:52
1018
Кыргызстандын танкисттери Россияда өтө турган эл аралык мелдешке катышуу үчүн жөнөп кетти

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы “Танк биатлону” эл аралык мелдешине катышуу үчүн Россияга жөнөп кетти. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Белгилүү болгондой, 73809 аскер бөлүгүнүн базасында КР Куралдуу күчтөрүнүн экипаждарынын «АрМИ-2022» алкагында өтүүчү «Танк биатлону-2022» эл аралык мелдешине катышууга даярдыгы каралган. Мелдеш Россиянын “Алабино” полигонунда үстүбүздөгү жылдын 13-августунан 27-августуна чейин өтмөкчү.


Белгиленгендей, турнирде Кыргызстандын намысын аскер бөлүктөрдүн такай жайгашкан пункттарында алдын ала тандоодон өткөн жана 20636 аскер бөлүгүнүн окуу борборундагы “Эң мыкты танк экипаж” мелдешинин жыйынтыгы боюнча мыкты деп таанылган 4 экипаж коргойт.


Эскерте кетсек, 2021-жылда КР Куралдуу күчтөрүнүн командасы Мьянма, Тажикстан жана Түштүк Осетиянын өкүлдөрүн озуп, өз тобунда биринчиликти ээлеген.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн