Бугу 03, 2024
Убакыт: 07:41
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу! Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты

10.05.2023 17:13
1173
Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу! Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалга чыкты

Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу тарых жаратты.


Ал 57 килограмм салмакта өзүнүн атаандаштарын жеңип, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда тажикстандык боксчу менен болгон беттешти Сейитбек уулу 4:1 эсебинде утуп алды.


Эми ал жарым финалда турнирге кожоюн болуп жаткан өзбекстандык мушкер менен беттешет.


Ошентип, Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан алгачкы спортчу болуп калды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн