Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:05
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Кыргызстандын тышкы карызы канча болгону айтылды

25.06.2020 17:24
1208
Кыргызстандын тышкы карызы канча болгону айтылды


Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард  902 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында каржы министринин орун басары Алмаз Азимов билдирди. 


Жыйында депутаттар Кыргызстан менен Сауд Арабиянын фондунун ортосундагы насыялык макулдашууну ратификациялоо маселесин карап жатышат. Депутат Дастан Бекешев "өлкө насыяларды төлөй алабы жана учурда тышкы карыздын суммасы канча болду?" деп сурады. 


Өз кезегинде Алмаз Азимов: "Ушул жылдын 30-апрелине карата Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард 902 миллион долларды түздү. Бүгүнкү күнгө карата тышкы карыздын суммасы эсептелүүдө. Бирок, болжол менен карыз 4 миллиард долларга жетти", - деди. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн