Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 04:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандын түштүгүндө 5 млрд куб метрдин тегерегинде газдын кени бар

14.03.2024 13:48
147
Кыргызстандын түштүгүндө 5 млрд куб метрдин тегерегинде газдын кени бар


Кыргызстандын түштүгүндө аталган аймакты 70-80 жыл бою камсыздай ала турган турган газдын кени бар. Бул тууралуу "Газпром-Кыргызстан" ЖЧКсынын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басары Арзымат Алдаяров брифингде билдирди.


Анын айтымында, кендин жалпы көлөмү 5 миллиард куб метрдин тегерегинде.


"Түштүк региондун жылдык керектөөсү 50-60 миллион куб метр экенин эске алсак, бул 5 миллиард куб метр бизге 70-80 жылга жетет. Жол картасынын алкагында кенге көз карандысыз изилдөө жүргүзүү пландаштырылууда. Эмне калганын, технологиялык даярдыгы кандай экенин түшүнүү кажет, андан кийин сүйлөшүүлөрдү баштап, чечим кабыл алуу зарыл", — деди Алдаяров.


Компаниянын өкүлү бул кендин мааниси чоң экенин белгиледи.


"Өлкөнүн түштүгүнө газ жеткирүүнүн туруктуулугун камсыздоодо көйгөй бар экени маалым. Өзүбүздүн базаны өнүктүрүү аталган маселени чечүүгө өбөлгө болуп, импорттон көз карандылыкты азайтат", — деди ал.


Алдаяровдун айтымында, мамлекеттин өзүнөн чыккан газ арзан болгондуктан, келечекте көгүлтүр оттун тарифин төмөндөтүү каралышы мүмкүн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн