"Коопсуздук-2023" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Эрлис Тердикбаев штаб башчыларынын мүчөлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад обласындагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Жалал-Абад шаарынын мэри менен биргеликте Ош жана Баткен облустарынын машыгуу өтүүчү жерлерине тик учак менен учуп барды.
Белгилей кетсек, 25-27-апрель аралыгында Кыргызстандын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында "Коопсуздук-2023" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өтүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн