Кыргызстандын кээ бир аймактарында 20-21-сентябрда түнкүсүн үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, ошондой эле Чүй облусунун тоо этектериндеги кээ бир райондордо үшүк жүрөт. Абанын температурасы 0… -2 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба, энергетика тармагындагы жана коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратып, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн