Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Кыргызстандын үч жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза болду

06.05.2022 09:54
1208
Кыргызстандын үч жараны өзбек чек арачыларынын огунан каза болду

5-майда Ала-Бука районунун Актам айлынын Дөбө-Коргон аймагында Өзбекстан Республикасынын Чек ара кызматынын аскерлери тарабынан 3 кыргыз жаранына карата ок чыгарылган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.


Маалым болгондой, октон жаракат алган  1974-жылы төрөлгөн А.К., 1998-жылы төрөлгөн А.Ж. жана 2000-жылы төрөлгөн А.Ж. аттуу жаран Ала-Бука райондук аймактык ооруканасына жеткирилген. Тилекке каршы жарандар алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.


Маселени чечүү үчүн Чек ара кызматынын Ала-Бука районунун башчысы тез арада Өзбекстандын Чек ара кызматынын Янги-Курган аймагындагы өкүлү менен жолугушуу өткөргөн.

Тараптар сүйлөшүүнү бүгүн, 6-майда улантууну чечишкен.


Аталган факты боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдарына маалымат берилген жана териштирүү иштери башталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн