Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Кыргызстандын улуттук курамасы Азия Кубогундагы оюндарын жыйынтыктады

26.01.2024 08:45
769
Кыргызстандын улуттук курамасы Азия Кубогундагы оюндарын жыйынтыктады


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2023-жылкы Азия Кубогундагы оюндарын жыйынтыктады.

Бүгүн турнирдин "F" тайпасынын жыйынтыктоочу турунун алкагында Кыргызстан менен Омандын курамалары Абдулла бин Халиф стадионунда оюн өткөрдү.

Оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен жыйынтыкталды.

Кыргызстандын улуттук курамасынын чабуулчусу Кожо Жоэл экинчи таймдын 80-мүнөтүндө атаандаштардын дарбазасына гол киргизип, оюн эсебин теңеди. Бирок Кыргызстан тайпадан кийинки баскычка чыга алган жок.

"Ак шумкарлар" 1 упай менен мелдешти жыйынтыктады.

Кыргызстан менен Оман курамалары тең чыгуу менен Азия Кубогунун "D" тайпасындагы Индонезияга кийинки баскычка өтүүгө жолдомо "тартуулашты".

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн