Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:00
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстандын улуттук валютасы кайсы өлкөдөн чыгарылат?

10.05.2022 10:09
1744
Кыргызстандын улуттук валютасы кайсы өлкөдөн чыгарылат?

Улуттук банктын Накталай акча башкармалыгынын жетекчиси Медина Аширалиева улуттук валюта кайсы өлкөлөрдө басылып чыгарын жана бул эмнеге байланыштуу экенин айтып берди.


Бүгүн, 10-майда, Кыргызстандын улуттук валютасынын негизделген күнү белгиленет. Алгачкы ирет сом 1993-жылы жүгүртүүгө чыккан.

Аширалиеванын айтымында, өлкөдө банкнота чыгаруучу өндүрүш жок, ошондуктан акчалар чет өлкөлөрдө басылат.

"Банкнота жана тыйын жасоочулар тендердик негизде аныкталат. Азыркы учурда улуттук валюта англиялык De La Rue жана франциялык Оbеrthur Fіduсіаіrе компаниясы тарабынан басылат. Ал эми тыйындар Нидерланд королдугунун манета сарайынан чыгарылат. Бул компаниялардын продукциясы жогорку сапатта корголгон стандарттарга дал келет", — деди Улуттук банктын адиси.


Ошондой эле ал банкноталарды Кыргызстанда чыгаруу пайда алып келбей турганын белгиледи. Бул үчүн уникалдуу техника жана жабдуу, капиталдык чыгым талап кылынат, азырынча өлкөнүн мындай мүмкүнчүлүгү жок.


Булак: "Спутник Кыргызстан"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн