Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 12:07
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Кыргызстандын жаңы парламенти “олигархтардын клубуна” айланбашы керек

23.06.2020 17:59
1313
Кыргызстандын жаңы парламенти “олигархтардын клубуна” айланбашы керек

Кыргызстанда төңкөрүштөргө жол ачкан жоболоңдор 2005-жылдагы парламенттик шайлоодон башталгандыгы баарыбызга маалым. Тилекке каршы, кыргыз калкы өткөн шайлоолордон сабак алган жок. Натыйжада, 2015-жылы эски тырмоону кайрадан баскан эл партиялык тизмелер менен парламентке кимдер кирип кеткендигин деле аңдай албай калды. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкка делген акчаны уурдап артын карабай АКШга качкандар, кой терисин жамынып кара иштерди жасагандар, карапайым эли менен катарлаш басуудан уялгандар, эки сөздүн башын кошо албагандар бар болуп чыкты.


Ошентип “а бу дегиче, көздү жумуп ачкыча” өлкө тарыхындагы эң көп сынга кабылган алтынчы чакырылыштагы парламенттин да иштөө мөөнөтү соңуна чыгып бара жатат.


Бармакты тиштеген менен кеч болуп калды. Ар кандай атка конгон кыргыз парламенти беш жылда өзүнүн анык жүзүн ашыгы менен көргөзүүгө жетишти десек болот. Токсон пайызы балык сындуу байлардан жана таржымалы шек жараткан калбырлуулар аралашкан парламентибиз бардык критерийлерден алганда саясий жактан алсыз болуп чыкты.


Айкөлдүк менен ушул чакырылыштын депутаттарын узатып алсак, эмикилерин электен бирден өткөрөбүз деген кыял менен жашагандар арбын. “Тойдук байдын кызына”, баары бир акчалуу байлар келип алат деп кол шилтегендер да толтура. Көр оокатынан башканы ойлобой, уйкудан ойгонбогондор алардан да көп.

Октябрга белгиленген кезектеги шайлоолордо Кыргызстандын парламентине кимдер келет, кимдер аламан жарышка аттанууда, өлкөбүз үчүн жана карапайым элибизге алардан кандай пайда деген толгон-токой соболдор учурдун өзөктүү темасы экендигин унутпасак деп эскерткибиз келет.


Быйылкы парламенттик шайлоолор мурдагыдай эле партиялык тизме менен өтөт.

Жең ичинен бириккендердин баштары азыртадан эле бир жакадан көрүнө баштады. Орустар айтмакчы, акчасына ишенип “коркуу сезимин жоготкондор” тартынбай эле ачыкка чыгып алышты. Бирок, “ба-а баягы эле жүздөр” олигархтар.

Шайлоого катышууга белсенген саясий партиялардын максаты – таза болбоду дегенде мандаттардын 10 пайызын алып калуу. Бул алардын эң башкы тилеги.  Азыр шайлоочуларды мурдагыдай уккулуктуу ураандар, куру убадалар менен азгыруу мүмкүн эмес. Бир гана жолу - коронавирустун айынан каржала түшкөн элди каражат менен алдоого мүмкүнчүлүк кеңири. Шайлоо мөөнөтү жылып эле кетпесе, бул дүнүйөгө дүрбөлөң салып, элдин үшүн кайрадан алып чоочулата баштаган коронавирус пандемиясы кыргыз байларына гана кызмат кылып жаткандай сезилип кетет. Ошол эле мезгилде “сарт санаасы менен байыйт” демекчи, акыл кирген айрымдар быйыл депутат болобуз дегендерден көбүрөөк акча сурайлы деп эсеп чотторун тактап, кирчү эшиктерди эмитен сагалап жүрүшкөндөрү да жашыруун эмес. Ошондуктан, серепчилер буга чейин бир топ убакыт мурда эле кезектеги шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы эң кымбат тандоо болорун айтып келишкен.

Анын үстүнө быйылкы шайлоодо байлар үчүн акчаларын “мыйзамдуу” чачып, элдин көңүлүн алууга шарт да “ыңгайлуу”. Арийне, “ыймандууларды”, күйүмдүүлөрдү”, “мекенчилдерди” шайлап алгандан кийин элибиздин эртеңи эмне болот же “эртең, эмкиде” деген ишке ашпас үмүттөр менен дагы беш жыл карды тойбогон опкок олигархтардын оозун кароого туура келеби? деген суроолор жүрөктү өйүйт.

Дагы бир жолу эске салсак, олигархтык парламент кандай болорун азыркы Жогорку Кенештин мисалынан баамдагыла. Азыркы курамда кимдер бар экендигин жогоруда учкай айтып өттүк. Биринчи бештик, ондук, ... деп тизме боюнча куралган парламент – бул кызыкчылыктар боюнча, болгондо да олигархтардын клубуна окшош. Депутат болгусу келгендер аны саясий партиялардан акчага сатып алат. Бирок, элдин кызыкчылыгы үчүн деп эмес, беш жыл өзүлөрүн калктын каймагы (элитасы) катары сезүү, көмүскө иштерин “суук көздөрдөн” калкалоо, урпактарынын болочогуна кам көрүү үчүн аракет кылат. Ал эми жетинчи чакырылыштагы парламентке ашынган байлар шайланса, олигархтардан куралган партиялар тандалса алар жеп ичүү, элди тоноо, Кыргызстанды сатуу менен алек болушаарын бөркүбүздөй эле көрөлү. 


Алтынбек Ашымбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн