Өзбекстандагы окуу жайларга тапшыруу үчүн документтер 24-августка чейин кабыл алынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун алкагында мамлекеттик гранттын негизинде Кыргызстандын жарандарын Өзбекстандын ЖОЖдорунда окутуу үчүн 100 квота бөлүнгөн.
"Өзбек тарап 2024/2025-окуу жылында Кыргызстандан студенттерди бакалавриат программаларына кабыл алууга даяр. Окутуу өзбек, орус жана каракалпак тилдеринде жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Коңшу мамлекеттин ЖОЖдорунан билим алууну каалагандар 0702 756 756, 0312 662198 телефондоруна чалып толук маалымат алса болот.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн