Авиа каттамдар этап-этап менен калыбына келтирилип жатат. Россия менен сентябрь ичинде 20 рейс аткарылды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 8-сентябрдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында, 21-августта 32 өлкөгө Кыргызстан эшигин ачты. Учурда бир катар жарандарга Россияга кирүүгө уруксат берилди.
- Россиянын жарандыгы барлар;
- Россияда жакын туугандары барларга (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө);
- медициналык жардамга муктаждарга;
- жакын туугандары каза болсо;
- бейтапты караган адамдарга;
- спортчуларга жана башкаларга.
«Калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, бирок, буюрса, бул чектөөлөр да жакында алынат. Ал эми студенттерге Россияга кетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Россия студенттерди киргизүү боюнча алгоритмдерди иштеп жатат, ага ылайык студенттер изоляциялык нормаларды сактоого милдеттүү болушат», - деди өкмөт башчы.
Пикирлер (2)