"Кыргызстандын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча" президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзам күчүнө кирип, документ бүгүн "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Аталган мыйзамга ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түз тийген формада желбирейт.
Ошондой эле өзгөртүлгөн мыйзамда мамлекеттик туу түшүрүлгөн документтер жана автоунаалардын номерлери жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулары жазылган.
Документ жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Министрлер кабинети үч айдын ичинде ченемдик-укуктук актыларын мыйзамга ылайык келтирсин", — деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилге бир нече убакыт мурда көтөрүлгөн. Анда Жогорку Кеңештин спикери Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примов ЖКнын конституциялык мыйзамдар комитетинде желектеги күндүн нурун эле эмес, түндүктүн чамгарагын да өзгөртүүнү айтып чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн