Бугу 09, 2024
Убакыт: 16:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кыргызстандын жетекчилиги Түркиянын жардамын алууну ойлонушу керек

01.05.2021 16:50
1202
Кыргызстандын жетекчилиги Түркиянын жардамын алууну ойлонушу керек


Эмне дебейли, жагабы, жакпайбы, бирок чындыкты моюндаш керек, Тажикстан бизге аябагандай катаал кандуу сабак берди. Биз тараптан 35 адам өлүп, 150дөн ашыгы жарадар болгону, 50дөн ашык өрттөнгөн жайлар, анан заматта эле алардын аскерлеринин 3-4 айылды басып алганы, 28 миңге жакын адамдын эвакуацияланганы, ошол эле мезгилде алардын жогоруда айтылгандардын үчтөн биринче да чыгымга учурабаганы - ушундай кейиштүү ойлорго мажбурлайт. Жаз алдында Кыргызстан Баткенде эки аскердик машыгуу өткөрсө, алардын бирине президент барып катышкан. Мына ошол аскердик машыгууларга катышкан техникалар, аскерлер, алардын тажрыйбалары неге бир күнгө да туруштук бере албады??? Же ал аскердик машыгуулар да жасалма беле???

Суу талаш, андан кийинки таш бараңдар стихиялуу түрдө болушу мүмкүн, андай көрүнүштөр мурда болуп келген, бирок танкалар, БТРлар, тик учактар эң жогортон, Рахмон тарабынан санкция болмоюнча кыймылдабайт. Тажик тарап бизге алдын ала даярдалган, пландуу тактикалар менен кол салды. Баскынчылык, мыкаачылык, акмакчылык кылышты. Бул баскынчылыктын артында Тажикстандын эң жогорку бийлиги, тагыраагы, Эмомали Рахмон турат. Тажикстандын аскерлери айрым басып алган айылдарды бошотуша да элек. Мына ушундай абалда же алар кирип келген жерлеринен толук чыгып кетише электе, зыяндар, чыгымдар, брондолгон техникаларды киргизгенге түздөн түз команда бергендер аныкталып, алар жазалана электе, мамлекет башчыбыздын майдын экинчи жарымында Душанбеге барып, Рахмонго жолукканга убада кылганы туура эмес иш, кысталыш кырдаалдагы шашылыш чечим болуп калды. Ал дүйнөлүк коомчулук тарабынан Кыргызстан күнөөсүн мойнуна алып, кечирим, ырайым сураганы баргандай кабылданат. Эгерде ушунча эле жолугушуу зарыл болсо, ал нейтралдуу жерде же чек аралардын бир участогунда өткөрүлүш керек! Бир шылтоо таап жолугушуудан баш тартканга дагы деле кеч эмес. Анда баары бир эч нерсе чечилбейт.

Кыргызстан стратегиялык өнөктөш, союздаш дегендерди кайра карашы керек. Бизге Түркия гана ишенимдүү, түбөлүктүү шериктеш боло алат, калгандары, анын ичинде Россия да убактылуу попутчиктер. Андай попутчиктер элибиздин бай тарыхында көп болгон, көбү унутулду. Россиянын Канттагы авибазасынын бизге тыйынча да пайдасы жок! Мындан ары пайдасы тийбейт! Стратегиялык жактан Россия үчүн Кыргызстанга караганда Тажикстан маанилүү. Демек, ал чечүүчү учурларда ошого оойт. Дүйнөдө Кыргыз мамлекетинин сакталып, өнүгүшүн каалаган бир өлкө болсо - ал Түркия. Ошондуктан Кыргызстан Түркия менен аскердик кызматташтыкты өнүктүрүп, анын аскердик техникалык жактан жетишкендерин алганга негизги басым жасашы керек! Кыргызстандын түштүгүндө Түркиянын аскердик базасы болсо, тажиктер тийише да алмак эмес. Ушу тапта Түркия муктаждык болсо, Кыргызстанга аскердик жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Демек, Кыргызстандын жетекчилиги Түркиянын жардамын алууну ойлонушу керек.

Ошентип, азыр чоң трагедияда жашап жатабыз. Кырдаал бизден бардык ич ара саясый пикир келишпестиктерди унутуп, бирдикте, ынтымакта болууну талап кылууда. Тилекке каршы, элдин трагедиясынан да саясый пайда тапканга умтулгандар да болууда. Аларды элдин трагедиясын саясатташтырбай, жок дегенде аза күтүү маалында шейит кеткендердин арбактарын ызааттап, сыйлоого чакырам. Бизге азыр тынчтык, туруктуулук керек. Эгерде тажик тарап артка кайтпай, эстерине келбей, биздин тынчтыкты каалап, кан төгүлбөсүн, бөөдө өлүмдөр болбосун деп атканыбызды коркоктук, чоркоктук катары кабылдап, согуштук аракеттерин токтотпосо, анда ар бир кыргыз катарга туруп, колуна курал алып, Мекенибизди коргоого, кол салган душмандын сазайын, катыгын берүүгө даяр! Бирок адам өмүрү баарынан кымбат. Ошону унутпайлы. (!) Азырынча кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө, турукташтырууга аракет кылалы.

Мирлан Дүйшенбаев, журналист
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн