Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:51
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстанга 1011 мал жандыкты мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар аныкталды

21.09.2021 15:08
498
Кыргызстанга 1011 мал жандыкты мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылгандар аныкталды

Кыргызстанга 1011 баш ири мүйүздүү малды жана жылкыларды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, МСКнын кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде жайгашкан өткөрүү пункттарына жакын товарларды эсепке алуу пункттарында тиешелүү уруксат кагаздары жок ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 865 баш бодо мал жана 146 баш жылкы алып келүү фактылары аныкталды.


Атап айтканда, “Ак-Тилек” товарларды эсепке алуу пунктунда 865 баш бодо малды жана 135 баш жылкыны алып өтүп бараткан жүк ташуучу унаалар кармалды. "Чалдыбар" товарларды эсепке алуу пунктунда 11 баш жылкыны алып өтүү аракети кылынган.


Мыйзам бузуулардын материалдары мыйзамга ылайык иш-чараларды өткөрүү үчүн мобилдүү топко өткөрүлүп берилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн