Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанга 2 млрд доллар гуманитардык жардамдын глобалдык планы түзүлүүдө, - БУУ координатору

06.04.2020 17:50
2071
Кыргызстанга 2 млрд доллар гуманитардык жардамдын глобалдык планы түзүлүүдө, - БУУ координатору


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-апрелде БУУ системасынын Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту, деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.

Тараптар коронавирус инфекциясынан улам өлкөдө түзүлгөн кырдаал жөнүндө пикир алышып, анын мындан ары жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен кадамдарды талкуулашты.

Мамлекет башчысы кыргыз тараптын бул багытта көрүп жаткан чараларын белгилеп, ошондой эле келип чыккан көйгөйлөрдү жана өлкөнүн биринчи кезектеги муктаждыктарын белгиледи.

Тагыраак айтканда, саламаттыкты сактоо, билим берүү, азык-түлүк коопсуздугу тармактарына, ошону менен катар чакан жана орто ишкерликке колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиело Сооронбай Жээнбековго БУУнун Кыргызстандагы жүргүзүп жаткан иштери боюнча маалымат берди.

Кыргыз өкмөтү менен биргеликте 8 артыкчылык берилген багыт аныкталып, анын алкагында COVID-19 вирусунун мындан ары жайылышына каршы күрөшүү, ошондой эле анын социалдык-экономикалык тармактарга тийгизген кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча биргелешип иш жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Ошондой эле ал 2 млрд АКШ доллары көлөмүндө гуманитардык жардам кылуунун глобалдык планы жана «COVID-19» менен күрөштү каржылоо үчүн Экономикалык фонд түзүлгөндүгү тууралуу айтып берди. Озонниа Ожиело Кыргызстан БУУнун ушул инструменттердин алкагындагы колдоосуна ишенсе болоорун баса белгиледи.

Мындан сырткары жолугушууда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Туруктуу координатордун маалыматы боюнча, ФАО (БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму) КР ТИМи менен биргеликте бул багытта зарыл иштерди жүргүзүүдө.

Бул өңүттө Озонниа Ожиело Кыргызстандын жарандыгы жок жарандардын көйгөйлөрүн дүйнөдө биринчилерден болуп чечиши учурда өлкө калкынын эң аярлуу катмарына даректүү жардам берүүнү бир кыйла жеңилдеткенин белгиледи.

БУУ системасынын туруктуу координатору илдеттин жайылышынан улам пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн