Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:50
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанга 20 млн доллар бөлүү боюнча АӨ банкы менен расмий сүйлөшүү жүрөт

12.05.2020 07:28
1032
Кыргызстанга 20 млн доллар бөлүү боюнча АӨ банкы менен расмий сүйлөшүү жүрөт


Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанды 2020-жылы колдоо үчүн аракеттер саясаты же башка кредит берүү негизинде максаттуу насыялоо аркылуу кошумча каржылоо маселесин карайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, 2020-жылдын 14-майында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан пандемиянын саламаттыкка тийгизген кесепеттерин жумшартуу боюнча өлкөнүн дараметин жакшыртуу үчүн өзгөчө долбоордук жардам түрүндө 20 млн АКШ долларын бөлүү боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү пландалууда.

Белгилей кетсек, 5-майда Азия өнүктүрүү банкы COVID-19 пандемиясына жаңы Жооп кайтаруу терезесинин алкагында Кыргызстан үчүн 50 млн АКШ доллары өлчөмүндө бюджеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө келишимге кол коюлган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн