Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 21:26
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кыргызстанга 226 миң доза AstraZeneca вакцинасынын келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга 226 миң доза AstraZeneca вакцинасынын келиши күтүлүүдө

Жакынкы күндөрү Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.


AstraZeneca вакцинасы III фаза сыноосунун негиздинде SARS-CoV-2 симптоматикалык инфекциясына каршы 70%га эффективдүү.


 Бул вакцина Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан тастыкталган.


AstraZeneca вакцинасы Германия, Италия, Испания, Франция, Бельгия, Австрия, Украина жана башка өлкөлөрдө тастыкталган.


 Эмдөөдөн 18 жаштан жогору адамдар өтө алашыт. 1 жана 2 дозалардын ортосундагы аралык 4-12 жуманы түзүшү керек.


Эмдөөдөн өтүүдөгү сактык чаралары:

эмдөөдөн кийин 15 мүнөттөн кем эмес байкоо жүргүзүү сунушталат;

бул вакцинаны эмдөө курч фебрилдик оорулары бар бейтаптарга каршы көрсөтүлөт;

тромбоцитопения менен ооруган, ар кандай кандын уюшу бузулган же антикоагулянттуу терапия алып жаткан жарандарга этияттык менен колдонулат;

суук тийгенде же дене табы бир аз көтөрүлгөн учурда эмдөө болот.


Кыргызстанга 226 миң доза өлчөмүндө швед-британиялык өндүрүшчү тарабынан иштелип чыккан AstraZeneca вакцинасынын келиши күтүлүүдө.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн