Бирдин айы 10, 2025
Убакыт: 00:01
USD
87.30
87.80
EUR
90.00
91.00
RUB
0.885
0.920

Кыргызстанга 500 миң медициналык беткап алынып келинет

31.01.2020 15:13
779
Кыргызстанга 500 миң медициналык беткап алынып келинет


Саламаттык сактоо министрлиги келаткан дүйшөмбү күнү Кыргызстанга 500 миң медициналык беткап алынып келээрин билдирди.

Ошондой эле дарыканаларда бир адамдын колуна 20дан ашык беткап сатууга чектөө салынды. Мындан тышкары медициналык беткаптардын, антисептиктердин, дезинфекциялык жана гриппке каршы, ошондой эле антибактериялык дарылардын баасын кымбаттатпоого чакырды. Ошол эле учурда коронавирус инфекциясы болуп калса колдонулуучу беткаптарды жана дары каражаттарын Кыргызстандан чыгарып кетүүгө болбой турганын эскертти.

“Учурда өлкөнүн дарыканаларда бардык зарыл болгон дары каражаттары, бир жолку тагынуучу беткаптар жетиштүү”,- деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн