Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 08:33
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Кыргызстанга Astra Zeneca вакцинасынын 55 миң дозасы келди

Кыргызстанга Astra Zeneca вакцинасынын 55 миң дозасы келди

Бүгүн, 11-октябрда Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 миң 200 дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, вакцина Европа биримдигинин жарандык колдоо механизминин алкагында Польша мамлекети тарабынан берилди.


Жүктү “Манас” аэропортунан саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Польшанын резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Кыргызстандагы элчисинин орун басары Томаш Коллат жана Европа биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр тосуп алышты.


Улук-Бек Бектурганов көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, жүк жакын арада эмдөө пункттарына бөлуштүрүлүп берилерин белгиледи. Ал эмдөө кампаниясынын алкагында Кыргызстандын калкынын 39%ы эмдөөнүн биринчи дозасын, 29%ы эки дозасын тең алганын маалымдады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн