Кулжа 24, 2025
Убакыт: 18:05
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

Кыргызстанга Азербайжандын айыл чарба министри иш сапары менен келди

24.06.2025 14:53
21
Кыргызстанга Азербайжандын айыл чарба министри иш сапары менен келди


Азербайжандын айыл чарба министри Меджнун Гадир оглу Мамедов расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди.


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда ал Чүй облусундагы бир катар айыл чарбаларына барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышууда.


Анын алкагында ажербайжандык конок "Алтын Арашан" (Арашан айылы) жана "Арашан Малёк" (Маевка айылы) аттуу чарбаларда болуп, алардын өндүрүш багытына жана жетишкендиктерине өзгөчө көңүл бурду.


Министр Мамедов бул чарбаларда колдонулган заманбап агротехнологиялар, мал чарбасын натыйжалуу жүргүзүү ыкмалары жана жергиликтүү климаттык шарттарга ыңгайлаштырылган мал породалары менен таанышып, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы айыл чарба жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.


Ошондой эле ал чарбалардын кызматкерлери менен жолугушуп, алардын тажрыйбасына жана эмгегине жогору баа берди.


Иш сапардын жүрүшүндө министр Кыргызстандын селекция жолу менен чыгарган Арашан породасы менен да таанышып чыкты. Бул мал породасы — Кыргызстанда мал чарбасын өнүктүрүү максатында чыгарылган, негизинен эт багытындагы сапаттары менен айырмаланат.


Арашан породасы климаттык шарттарга жакшы ыңгайлашып, жогорку чыдамкайлыкка ээ. Ал тез жетилип, эт сапаты боюнча мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтөт. Мындан тышкары, азыкка болгон үнөмдүүлүгү менен да фермерлер арасында кеңири колдонулууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн