Бириккен Араб Эмираты Кыргызстанга гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-апрелде "Манас" аэропортуна БАЭден келген жеке коргоонучу каражаттар менен медициналык дары-дармектерди тосуп алышты.
Ал эми, жардам көрсөтүү президент Сооронбай Жээнбеков менен Абу-Дабинин мураскер ханзадасы Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн натыйжасында ишке ашкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн