Бугу 11, 2024
Убакыт: 22:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кыргызстанга COVID-19 жукпаганын тастыктаган ПЦР-тести бар туристтер келе алат

02.06.2021 11:37
1322
Кыргызстанга COVID-19 жукпаганын тастыктаган ПЦР-тести бар туристтер келе алат

Кыргызстанга COVID-19 жукпаганын тастыктаган ПЦР-тести бар туристтер келе алат. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.


Штаб белгилегендей, дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясына каршы вакцинациялоо ыктыярдуу негизде жүргүзүлүүдө.

Учурдагы алгоритмдерге ылайык, чет элдик жарандардын жана туристтердин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө коронавирус инфекциясына карай тестирлөөнүн терс жыйынтыгы (72 саатка жарактуу) болгон учурда уруксат берилет.

Республикалык штаб белгилегендей, коронавирустан вакцинациялангандыгы тууралуу сертификаттын болушу республикасынын аймагына кирүү үчүн милдеттүү талап катары саналбайт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн