Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:34
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Кыргызстанга Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель келди

02.06.2023 09:54
264
Кыргызстанга Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель келди


Бүгүн, 2-июнда Кыргызстанга Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Ал президент Садыр Жапаровдун администрациясы уюштурган “Европа Биримдиги-Борбор Азия” экинчи саммитине катышат.


“Европа Биримдиги-Борбор Азия” саммити Борбор Азия жана ЕБ өлкөлөрүнүн лидерлерин чогултуп, Борбордук Азия менен ЕБ ортосундагы аймактык кызматташтыктын келечегин, ошондой эле аймактык жана эл аралык иш-чараларды талкуулайт.


Саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов катышат.


3-июнда Кыргызстанга расмий иш сапарынын өзүнчө программасы күтүлүүдө, анын алкагында президент Садыр Жапаров менен жолугушат. Тараптар эки тараптуу мамилелердин абалын жана келечегин талкуулашат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн