Аяк оона 15, 2025
Убакыт: 22:45
USD
87.30
87.80
EUR
102.10
103.10
RUB
1.035
1.065

Кыргызстанга Франциянын тышкы соода министрлигинин делегаттары келди

27.05.2025 09:37
569
Кыргызстанга Франциянын тышкы соода министрлигинин делегаттары келди


Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин карамагындагы тышкы соода жана чет өлкөдөгү француз жарандары боюнча ыйгарым укуктуу министри Лоран Сен-Мартен расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди.

Делегацияны экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов тосуп алды.


Белгилей кетсек, Лоран Сен-Мартен жетектеген делегациянын курамында Франциянын бир катар алдыңкы компанияларынын өкүлдөрү бар.


Иш сапардын алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулоо жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча бир катар жолугушуулар пландалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн