Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:33
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Кыргызстанга Казакстандан мыйзамсыз мал алып келүүгө бөгөт коюлду

22.08.2024 10:40
397
Кыргызстанга Казакстандан мыйзамсыз мал алып келүүгө бөгөт коюлду


Кыргызстанга Казакстандан мыйзамсыз мал алып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

КР УКМК тарабынан Кыргызстандын Казакстан менен мамлекеттик чек ара тилкесинде контрабандалык ишмердикти аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас облусунун аймагында Казакстандан Кыргызстанга ири мүйүздүү малды алып өтүү аракети токтотулду.

Тактап айтканда, 15-августта Талас облусунун Манас районуна караштуу Кайыңды айылынын чек ара тилкесиндеги “Ак-Таш” тоолуу аймагында Кыргызстандын УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Казакстандан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз мал алып өтүү учурунда Талас районунун Сары-Булак айылынын жашоочулары Ш.К.Д. жана С.у.Б.ны кармады.

Учурда бул факты боюнча КР УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн