Бугу 08, 2024
Убакыт: 02:26
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Кыргызстанга Казакстандын коргоо министри башында турган аскердик делегация келди

22.08.2023 14:48
278
Кыргызстанга Казакстандын коргоо министри башында турган аскердик делегация келди


Бүгүн, 22-августта Кыргызстанга Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков башында турган аскердик делегация иш сапар менен келди. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Казакстандан келген делегация алгач Жеңиш аянтындагы Өчпөс отко гүл коюшуп, андан кийин Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү маселелерин, ушул багытта мындан аркы биргелешкен иштерди талкуулашты.

"Аскердик чөйрөдөгү кызматташуу жааты бул өз ара аракеттенүүнүн маанилүү багыттарынын бири. Казакстан Кыргызстан үчүн туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш болуп саналат",- деп белгиледи Бекболотов.

Өз кезегинде казак министри жылуу кабыл алгандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, боордош эки мамлекеттин аскердик тармактагы кызматташуусунун жогорку деңгээлин белгиледи.

Иш сапардын программасына ылайык, казак делегациясы КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен жолугушуп, С. Чокморов айылында жайгашкан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин көрүштү.

Мындан тышкары, Казакстандан келген делегация Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-казак "Эрдик-2023" биргелешкен тактикалык-атайын машыгуусунун активдүү фазасына катышып, бир катар аскердик объектилер менен таанышат.

Маалымат үчүн: Кыргызстан менен Казакстандын коргоо ведомстволору аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтык жаатында 1992-жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келет. Азыркы убакта, Казакстандын аскердик окуу жайларында аскердик кадрларды даярдоо кызматташуунун динамикалык багыты болуп келет. Айта кетсек, 1998-жылдан ушул убакытка чейин Казакстандын ар кайсыл аскердик окуу жайларында үч жүздөн ашуун аскер адистери даярдалган. Бүгүнкү күндө кырктан ашуун аскер кызматчылары билим алышууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн