Бирдин айы 12, 2025
Убакыт: 18:17
USD
87.30
87.80
EUR
90.50
91.50
RUB
0.920
0.945

Кыргызстанга Кытайдан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 26 тонна картошка артка кайтарылды

Кыргызстанга Кытайдан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 26 тонна картошка артка кайтарылды


Кыргызстанга Кытайдан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 26 тонна картошка артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. 


Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Чүй облусундагы башкармалыгы Кытайдан кирген 26,13 тонна картошканы карантиндик фитосанитардык текшерүүдөн өткөргөн. Жыйынтыгында жүктө карантиндик фитосанитардык талаптардын бузулушу аныкталган. 


Евразиялык экономикалык биримдигинин комиссиясынын биримдиктин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобосуна ылайык, жүктүн таңгагында тиешелүү маркировканын жоктугуна байланыштуу 26,13 тонна картошка жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн