Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:26
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргызстанга Медина шаарынан 16 тонна Куран китеби келди

14.09.2020 10:41
1355
Кыргызстанга Медина шаарынан 16 тонна Куран китеби келди


Сауд Араб Падышачылыгынын Медина шаарынан кайрымдуу инсандардын атынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына 16 тонна Куран китеби келди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, ал китептер муфтияттын түзүмүндөгү 9 казыятка таратылып берилмекчи. Куран китептен жалпы саны 34 миң даананы түзөт. Китептер диний окуу жайларга, өлкөнүн ар бир мечитине бөлүштүрүлүп берилмекчи.


Ал эми бүгүн, 14- сентябрда Бишкек шаардык мусулмандар казыятына муфтиятка Мадина шаарынан келген Куран китептеринен 664 даана китеп жеткирилди. Бул китептер ордо калаадагы ар бир мечитке, медреселерге акысыз таратылаарын Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев билдирди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн