Бугу 21, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 150 миң дозасы алынып келинди

24.01.2022 14:35
700
Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 150 миң дозасы алынып келинди

Америка Кошмо Штаттары Кыргызстанга COVID-19га каршы Pfizer вакцинасынын 149 миң 760 дозасын тапшырды. Вакцина COVAX демилгеси аркылуу берилди.


Жалпысынан АКШ 2021-жылдын октябрынан бери Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын 450 миң дозасын тапшырды.


Расмий статистикага ылайык, АКШда чыгарылган Pfizer вакцинасы менен 40 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өтүп, 62 миңден ашуун кыргызстандык бир дозасын алган.


Пандемия башталгандан бери АКШ Кыргызстанда COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген. Андан тышкары бул акча жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга, лабораторияларды модернизациялоого, медициналык жана башка адистерди окутууга багытталган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн