Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кыргызстанга Россиядан 1028 тонна буудай келди

21.04.2020 10:19
1117
Кыргызстанга Россиядан 1028 тонна буудай келди


Россиядан келишимдик негизде сатып алынган буудай Кыргызстандын аймагына жеткирилип келе баштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.  


Маалыматка ылайык, өлкөгө 15 вагон – 1028 тонна буудай келип, ал Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жайгашкан «Дан» мамлекеттик ишканасынын кампасына түшүрүлдү. 


Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россия Федерациясындагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. 


"Ушул аптанын ичинде дагы 36 вагонго жүктөлгөн буудай темир жол аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилет. Ал эми калган бөлүгү май айынын аягына чейин келет.  

Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өкмөттүн тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар/абал режими киргенден бери аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 5 миң тоннадан ашык ун жана 150 тонна шекер бөлүнүп берилди", - деп айтылат маалыматта.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн