Бүгүн, 24-августта Кыргызстанга Россиядан 379 жаран кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Новосибирск–Бишкек багыты боюнча 208 жаран
кайтып келишкен. Алардын ичинде Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк Сахалинск,
Сибирь Федералдык округунун башка шаарларынан дагы кыргыз жарандары кайтарылган.
Ошондой эле 24-августта Екатеринбургдан Ошко 171 жаран кайтарылган. Аталган
каттам менен Ошко Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Магнитогорск, Курган, Пермь
жана башка шаарлардан кайтууга өтө муктаж болгон жарандарыбыз (ар кандай
оорулары барлар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана кичинекей балдары бар
аялдар, ошондой эле оор турмушка кептелген жарандар) учуп келген.
Авиакаттамдар чет мамлекеттерден мекенине келе албай жаткан биздин жарандарды
кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн
тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн