Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 14:27
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Кыргызстанга Түрк ишкерлеринин делегациясынын иш сапары уюштурулду

Кыргызстанга Түрк ишкерлеринин делегациясынын иш сапары уюштурулду


23-24-октябрда Кыргызстандын Башкы консулдугу Анталия провинциясынын жана Жер Ортолук деңизинин башка аймактарынан түрк ишкерлеринин жана инвесторлорунун делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын уюштурду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, сапардын максаты экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана экономиканын негизги тармактарында кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.

Иш сапар Түркиянын аймактары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун жаңы перспективаларын ачууга карай маанилүү кадам болду.

Сапардын алкагында КР Экономика жана коммерция министрлигинин, Соода-өнөр жай палатасынын, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жетекчилиги менен бир катар расмий жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө түрк делегациясынын мүчөлөрү Кыргызстандагы туризм, айыл чарба, энергетика жана жеңил өнөр жай сыяктуу приоритеттүү тармактардагы бизнеске жана инвестицияга чоң кызыгуу көрсөтүштү.

Бул контекстте сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн шарттарына, анын ичинде чет элдик инвестиция үчүн жеңилдиктерге жана преференцияларга өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даяр экендигин баса белгилеп, иш сапардын жыйынтыгы жаңы ийгиликтүү биргелешкен долбоорлордун башталышы болоруна ишеним билдирди.

Делегациянын программасы Ч.Айтматов атындагы музей, ошондой эле Улуттук тарых музейге баруу менен аяктады. Анда делегациянын мүчөлөрү кыргыз элинин бай тарыхы жана маданияты менен тааныша алышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн