Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 04:43
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Кыргызстанга ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле келет

08.06.2023 17:12
406
Кыргызстанга ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле келет


Кыргызстанга ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле келет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал иш сапарынын алкагында эртең, 9-июнда Улуттук тарых музейинде ЮНЕСКОнун тизмесине кирген адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине кирген "Көк бөрү – салттуу ат оюну" (2017-жыл), "Ак-калпак жасоо боюнча салттуу билимдер жана ыкмалар" (2019-ж), Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн майрамы (2021-жыл) багыттары боюнча сертификаттарды расмий тапшырат.

Салтанаттуу иш-чарада буга чейин ЮНЕСКОнун тизмесине кирген адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине кирген материалдык эмес маданий мурастардан турган композициялык көргөзмө сунушталат.

Аталган иш- чара "Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө" эл аралык Конвенциянын кабыл алынышынын 20 жылдыгына карата өтөт.

Иш-чара КР Улуттук тарых музейинде саат 11:00 башталат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн