Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 14:43
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Кыргызстанга чет мамлекеттин жарандарынын кирүү шарттары жөнөкөйлөштүрүлдү

20.08.2020 15:29
1072
Кыргызстанга чет мамлекеттин жарандарынын кирүү шарттары жөнөкөйлөштүрүлдү


Өлкөгө чет мамлекеттин жарандарынын жана жарандыгы жок жактардын кирүү шарттары жөнөкөйлөштүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Өкмөт тарабынан өлкөгө чет мамлекеттин жарандарынын жана жарандыгы жок жактардын кирүү шарттары жөнөкөйлөштүрүлдү. Тийиштүү өзгөртүүлөр Өкмөттүн 2020-жылдын 17-мартындагы 84-б буйругуна киргизилген.

 

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, калктын саламаттыгын сактоону камсыздоо жана коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылышына жол бербөө максатында кабыл алынган, өлкөгө чет мамлекеттин жарандарын жана жарандыгы жок жактарды өткөрүү боюнча чектөө чараларынын шартында, Кыргыз Республикасына кошумча түрдө төмөнкү категориядагы чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок жактары кирүүгө мүмкүнчүлүк алат: 

 

- Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында окуган чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдары (окуу жайдан берилген маалым катын көрсөткөн учурда);

- Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдары;

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы медициналык мекемелерде дарыланууга келген чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдары (документ менен ырасталган шартта);

- жакын туугандарынын аза күтүү иш-чараларына катышууга келген чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдары (жакын туугандык байланыштары жана каза болгондугу тууралуу факт документ менен ырасталган шартта).

 

Мындан тышкары, өлкөдө коронавирустун жайылышына байланыштуу кесепеттерди кыскартууга багытталган экономикалык чараларды ишке ашыруу алкагында чет мамлекеттердин жарандарын этап-этабы менен өткөрүүнү жандандыруу тууралуу чечим абыл алынган.

 

Эпидемиологиялык абалдын турукташуусуна жараша Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан чет мамлекеттердин тийиштүү тизмеси бекитилет, ал айына эки ирет: айдын башында жана жарымында каралып турат.

 

Натыйжада, тизмеге кирген чет мамлекеттердин жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте, Кыргызстандын чек арасынан өтө алышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн